Майыптуулук тууралуу маалымкат жана реабилитациялоонун индивидуалдык программасы эми TUNDUK аркылуу онлайн жеткиликтүү

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жаңы санариптик кызматты ишке киргизилгендигин билдирет.
Мындан ары Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) маалымкатына жана Реабилитациялоо жана абилитациялоонун индивидуалдык программасына “TUNDUK мобилдик колдонмосу аркылуу онлайн жетүүгө болот.

МСЭКтин маалымкаты жөнүндө

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) маалымкаты төмөнкүлөрдү тастыктайт:
– Майыптуулуктун белгиленгендигин;
– Анын тобун, себебин жана мөөнөтүн;
– Туруктуу кароого, техникалык каражаттарга жана социалдык жардамга муктаждыкты.
Бул документ пенсияларды, жөлөкпулдарды, жеңилдиктерди, реабилитациянын техникалык каражаттарын жана мамлекеттик колдоонун башка түрлөрүн тариздөөдө колдонулат.

ИПРА программасы жөнүндө

Реабилитациялоо жана абилитациялоонун индивидуалдык программасы (ИПРА) – бул МСЭКтин корутундусунун негизинде түзүлгөн документ. Ал организмдин бузулган функцияларын калыбына келтирүүгө, социалдык адаптациялоого жана коомго интеграциялоого багытталган иш-чаралардын комплексин камтыйт.

Маалымкаттарды онлайн кантип алууга болот:
– Tunduk мобилдик колдонмосун ачыңыз;
– “Санариптик ден соолук” бөлүмүнө өтүңүз;
– “Кызматтар” бөлүмчөсүнөн МСЭК жана ИПРА маалымкаттарын тандаңыз – алар санарип форматта көрсөтүлөт.

МСЭК жана ИПРА маалымкаттарын санариптештирүү – бул майыптыгы бар адамдарды тейлөөнүн сапатын жогорулатууда жана инклюзивдүү санариптик чөйрөнү түзүүдө маанилүү кадам.

Бул кызмат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борбору менен биргеликте ишке ашырылган.