Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы санариптик трансформация жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзиянын Өкмөтүнүн ортосундагы санариптик трансформация жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Меморандумдун негизинде Кыргызстан менен Малайзия ортосунда санариптик трансформация жана киберкоопсуздук тармактарында кызматташтыкты бекемделет.
Кыргыз тараптан документке Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов кол койду.
Меморандум эки тараптуу санариптештирүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармактарында кызматташуу, IT-адистерди даярдоо жана заманбап санариптик чечимдерди киргизүүдөгү тажрыйба алмашууга багытталат.
Документтин кол коюшу Кыргызстан менен Малайзиянын санариптик өнүктүрүү жаатындагы эки тараптуу кызматташууну бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат.