Кыргызстандын Архив кызматы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата онлайн-көргөзмө уюштурду

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы Улуу Ата-мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына “Фашизм менен күрөшүүдө бирге болдук” аталыштагы виртуалдык көргөзмөнү уюштурду.
Экспозиция борбордук мамлекеттик архивдердеги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивиндеги фонддордо жыйналган 269 фотодокументтерди жана маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүнөн 9 аудио жазууларды камтыйт.
Долбоор Улуу Жеңиштеги кыргызстандыктардын жана бүткүл өлкөнүн жасаган эрдигин даңазалоо, республикабыздын согушка катышкан 300 миңден ашык жашоочулардын эрдигин эскерүүгө багытталган.
Экспозиция менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышса болот: http://vov.archives.gov.kg