СӨИТМ: Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстандын «Коргоо өнөр жайы» тууралуу архивдик документтер жыйнагын жарыка чыгарды

img

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы «Коргоо өнөр жайы 1941–1945-жылдары» аттуу архивдик документтер жыйнагын даярдап, жарыка чыгарды.
Жыйнакта мурда катуу купуялуулугунан улам жарыяланбаган архивдик документтер камтылган. Алар биздин республикада эвакуацияланган ишканаларды жайгаштыруу жана орнотуу, ошондой эле жаңы өнөр жай ишканаларын куруу жана Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында аскердик продукция чыгаруу тууралуу баяндалган.
Бул китеп согуш мезгилиндеги Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү боштукту толтуруп, окурмандарга элдин эмгектик эрдигинин чыныгы далили менен таанышууга мүмкүндүк берет.