Санарип көндүмдөрү баары үчүн: ЖАҢЫ ЖҮЗДӨР» — форуму Борбор Азиянын келечегин бириктирген форум

2025-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарындагы TechnoPark аянтчасында “Сагарип көндүмдөрү баары үчүн: ЖАҢЫ ЖҮЗДӨР” аттуу эл аралык форум өттү. Бул иш-чара Кыргызстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жүздөгөн катышуучуларын чогултту.
Форумду Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин колдоосу менен «Кыргыз Техновумен» Коомдук фонду уюштурду.
Форум санариптик инклюзия, IT тармагындагы аялдардын лидерлиги, инновациялар жана ишкердик боюнча диалог үчүн негизги платформа болду. Санариптик трансформациянын актуалдуу маселелерин талкуулоого мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, банктардын, IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин жана стартап коомчулуктарынын өкүлдөрү катышты.
Спикерлердин арасында форумдун коногу Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева, Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов жана «Кыргыз Техновумен» Коомдук фондунун директору Айпери Касымбекова болду.
Форумдун негизги окуясы Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен «Кыргыз Техновумен» Коомдук фондунун ортосунда санариптик көндүмдөрдү жана тең мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу болду.
Форумдун программасына төмөнкүлөр кирди:
– 7 өлкөнүн катышуучулары менен 4 эксперттик панелдик талкуу;
– Улуттук жана эл аралык компаниялар тарабынан уюштурулган санариптик мүмкүнчүлүктөр жарманкеси;
– Аялдар үчүн ЖИ, санариптик маркетинг жана жеке бренд боюнча практикалык мастер-класстар.
Иш-чаранын жыйынтыгында өлкө боюнча жаңы инклюзивдүү жана билим берүүчү санариптик демилгелерди ишке киргизүүгө негиз боло турган резолюция даярдалды.