Кыргызстан менен АКШ инновациялык технологиялар жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

img

2025-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Тараптар жасалма интеллектисин колдонуу, жаңы долбоорлор камтылган коммерциялык өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу маселелерин талкуулашты. Негизи басым келе жаткан КИТ-2025 Форумуна даярдык көрүү маселесине жасалды.

Жолугушууга Кыргызстандын IT-компанияларынын жана Жогорку технологиялар паркынын өкүлдөрү катышышып, эл аралык кызматташтыктын алкагында мамлекеттик жана жеке сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүү аспектилерин практика жүзүндө жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы санариптик тармактагы өнөктөштүк жигердүү өнүгүүдө, бул жетишкендик биргелешкен демилгелерди жүзөгө ашыруу менен тажрыйба алмашууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.