CӨМдө “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө талкуу болду

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен тааныштыруу иш-чарасы болуп өттү.

Министр Азамат Жамангулов Доктринадан улам мекенчилдик сезимди калыптандыруу жана өнүгүүгө умтулуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Баяндамалар менен академик Чолпонкул Арабаев жана профессор Сулайман Кайыпов чыгып, демилгенин негизги жоболорун жана стратегиялык маанисин түшүндүрүштү.

Иш-чаранын катышуучулары ошондой эле суроолорду берип, Доктринаны ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.