Азамат Жамангулов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектеди

img

Азамат Жамангулов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрдин милдетин аткаруучусу болуп дайындалды.

Бүгүн, 2025-жылдын 29-январында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучусу Азамат Жамангуловду тааныштырды. Анын бул кызматка дайындалышы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген.

Буга чейин, Президенттин Жарлыгына ылайык, Нурия Кутнаева ээлеген кызматынан бошотулган.