Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү: ар бир мамлекеттик органдын жигердүү катышуусу — ийгиликтин ачкычы
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө арналган семинар уюштурду. Иш-чарага министрлердин орун басарлары жана санариптик технологиялар үчүн жооп берген мамлекеттик органдардын башкармалыктарынын жетекчилери катышышты. Негизги басым санариптик форматка өтүү жана кагаз жүзүндөгү документтерден баш тартуу маселелерине жасалды.
Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева санариптештирүү — жарандардын жашоо сапатын жакшыртуунун ачкычы экенин баса белгиледи. Ал белгилегендей, ийгиликтүү трансформация бардык мамлекеттик органдардын жигердүү катышуусун талап кылат, анткени бул мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү, ыңгайлуу жана ачык-айкын кылат.
Санариптик форматка өтүү мамлекеттик органдардагы ички процесстерди модернизациялоонун аркасында мүмкүн болду, бул бюрократияны төмөндөттү, кызмат көрсөтүүнү тездетти жана алардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатты. Ар бир министрлик жана ведомство өз чөйрөсүндө санариптик технологияларды жигердүү өнүктүрүүсү маанилүү. Бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн макулдашылган иши жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу тутумун түзөт.
Семинардын катышуучулары санариптик кодекс, кибергигиена, санариптик долбоорлорду каржылоо жана мамлекеттик кызматтарды оптималдаштыруу жолдорун талкуулашты. Ошондой эле учурдагы кызмат көрсөтүүлөрдү анализдөөгө жана кагаз жүзүндөгү документтерди алып салууга арналган практикалык бөлүгү өткөрүлдү.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик органдар үчүн тренингдерди жана семинарларды үзгүлтүксүз өткөрүп турат, бул санариптик сабаттуулукту жогорулатууга жана технологиялар чөйрөсүндөгү компетенцияларды өнүктүрүүгө жардам берет.
Семинар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте уюштурулган, бул Кыргызстандагы санариптик трансформацияны тездетүү үчүн эл аралык тажрыйбаны колдонууга мүмкүндүк берет.