Кыргызстан – Корея Республикасы: Санариптик мейкиндиктеги кызматташтыктын жаңы барагы
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 2-декабрынан 4-декабрь аралыгында Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Корея Республикасынын Илим жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министрлигинин ортосундагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол кою аземи болуп, Меморандумга Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева менен Корея Республикасынын Илим жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министри Ю Сан Им кол коюшту.
Документ санариптик трансформация чөйрөсүндө өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, алдыңкы технологиялар жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле инновациялык санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашышты:
– мамлекеттик башкаруу системасына заманбап санариптик технологияларды киргизүү;
– биргелешкен изилдөө жана инновациялык жасалма интеллект жана чоң маалыматтарга негизделген чечимдерди иштеп чыгуу;
– адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн тажрыйба алмашуу жана тренингдерди өткөрүү.