Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана KOICA санариптик окуу борборун куруу боюнча макулдашты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Санариптештирүү жаатындагы сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюшту. Министр Нурия Кутнаева жана KOICA президенти Чанг Вон Сам кол койгон бул документ эки өлкөнүн санариптик трансформация жаатындагы кызматташтыгынын жаңы этабын ачат.
Протоколдо белгиленгендей заманбап санариптик окуу борборун куруу каралган, анда актуалдуу санариптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнү каалаган мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана жарандар санариптик билимин тереңдете алышат. Борбор алдыңкы жабдуулар жана программалык камсыздоо менен камсыздалып, окутуу эмгек рыногунун талаптарына жана заманбап технологияларга жооп берет.
Долбоордун жалпы наркы 7 миллион АКШ долларын түзөт