Кыргызстандагы санариптик документ жүгүртүү: кагазсыз системага өтүү
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги санариптик документ жүгүртүү жаатындагы олуттуу прогресс жөнүндө маалымдайт. Жаңы типтүү тизмеде каралган документтердин 863 түрүнүн 745и (башкача айтканда 86%) эми санариптик форматта гана берилиши керек, бул аларды кагаз жүзүндө кайталоо зарылдыгын жокко чыгарат.
Азыр 118 (14%) документ гана мамлекеттик муктаждыктарга арналган кагаз түрүндө калууда. Бул маанилүү өзгөрүү башкаруу процесстерин жөнөкөйлөтүп гана тим болбостон, кагазды колдонууну азайтуу менен айлана-чөйрөгө салым кошот.
Санариптик документ жүгүртүүгө өтүү республикалык бюджет үчүн жыл сайын болжол менен 1 миллиард сом үнөмдөөгө алып келери күтүлүүдө, бул бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик сектордо натыйжалуу электрондук башкарууга жана жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган санариптик чечимдерди ишке киргизүүнүн үстүндө жигердүү иштөөнү улантууда.