Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри инновациялар жана маалыматтык технологиялар боюнча семинар өткөрдү

img

2024-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Инновациялар жана маалыматтык технологиялар» темасында маалыматтык-окутуу семинары болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте уюштурулду.

Семинар Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун демилгеси жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаровдун тапшырмасы менен 2024–2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун алкагында өткөрүлдү. Ал санариптик трансформациянын негизги аспектилерине жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү долбоордук башкарууга арналган.

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Н. Кутнаева негизги баяндамасы менен чыгып сүйлөп, 2024–2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясын кеңири баяндап берди. Баяндаманын алкагында министр мамлекеттик сектордо Маалыматтык технологиялык коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча комплекстүү ыкмаларга, долбоордук башкаруунун заманбап методдоруна жана долбоорлорун иштеп чыгуунун мыкты тажрыйбаларына басым жасады.

Семинарга Кыргыз Республикасынын министрлери жана ведомстволордун жетекчилери катышып, санарип технологияларды мамлекеттик ишмердүүлүккө натыйжалуу киргизүү боюнча учурдагы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө активдүү талкуу жүргүзүштү. Министр Н. Кутнаева мамлекеттик органдар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо кагаз түрүндөгү маалымкаттарды талап кылууну токтотушу керектигин белгилеп, бул үчүн мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бардык мамлекеттик мекемелерде санариптик демилгелерди активдүү ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.