Чет өлкөлүк жаранга ИЖН ыйгаруу үчүн нотариалдык ишеним кат боюнча ишеним кат берүүчүнүн (чет өлкөлүк жарандын өзүнүн) паспортунун түп нускасы талап кылынабы же ишеним кат менен өкүлдүн паспорту жетиштүүбү?

Мыйзамдарга ылайык, чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга ИЖН ыйгаруу белгиленген формадагы арыздын негизинде инсандыгын ырастоочу документти (чет өлкөлүк паспорт/ жарандыгы жок адамдын күбөлүгү/ кайрылмандын күбөлүгү/ качкындын күбөлүгү) көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат. Ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү дагы ИЖН ыйгарууга негиз болуп саналат.