16 жашка толушу боюнча баланын даяр болгон паспортун ата-энеси алса болобу?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №167 токтому менен бекитилген, ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамага ылайык,
ID-карта жана/же жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин өзүнө же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнө же мурда берилген арызда көрсөтүлгөн жаранга берилет.
Арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурда ал төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
– анын ким экендигин ырастоочу документти;
– мыйзамдуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документти.