Эгерде бетиндеги мең (кал, тырык) алынып салынса жана тиешелүү медициналык маалымкат жок болсо, паспортту кантип алмаштырууга болот?

СӨМгө караштуу ККДнын 2024-жылдын 1-февралындагы № 15 буйругу менен бекитилген, Калкты документтештирүү жана каттоо боюнча колдонмонун 62-пунктуна ылайык.
Бетке жасалган пластикалык операцияга (меңди, калды, тырыктарды ж. б. алып салууга) байланыштуу паспортту алмаштырууда жаран төмөнкүлөрдү берет:
– 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту алууга арыз;
– алмаштырылууга тийиш болгон паспорт;
– бул жагдайларды ырастаган тиешелүү медициналык документ.