Кыргызстан биринчи жолу БУУнун АТОЭСК алдындагы Азия-Тынч океан аймагындагы маалыматтык супермагистралды өнүктүрүү боюнча Жетектөөчү комитеттин төрагасы болду

2024-жылдын 25-26-сентябрында Корея Республикасынын Чежу шаарында Азия-Тынч океан аймагындагы маалыматтык супермагистралды өнүктүрүү боюнча Жетектөөчү комитеттин сегизинчи сессиясы өтүүдө (APIS).
Кыргызстан БУУнун АТОЭСК алдындагы Азия-Тынч океан аймагындагы маалыматтык супермагистралды өнүктүрүү боюнча Жетектөөчү комитеттин төрагалыгына чакыруу алды, бул өлкө үчүн маанилүү кадам болуп саналат, анткени ал биринчи жолу төрага макамында бул комитетке мүчө болот. Форум 18 мүчөдөн турат, алардын арасында үч жылдык мөөнөтү бар ар кайсы өлкөлөрдүн санариптештирүү жаатындагы тиешелүү министрлери бар. Кыргызстандын атынан иш-чарага санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева катышууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын өкүлдөрү форумдун курамында эч качан көрсөтүлгөн эмес, демек бул дайындоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп кетүү зарыл. Комитеттин мүчөлөрү ошондой эле Австрия, Казакстан, Армения, Шри-Ланка, Өзбекстан, АКШ, Корея, Кытай, Орусия, Азербайжан, Филиппин жана Мальдив аралдары сыяктуу өлкөлөрдүн өкүдөрү.

Кыргызстандын төрага катары катышуусунун артыкчылыктары төмөнкүлөрдү камтыйт:
– Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы алдыңкы билимдерге жана тажрыйбаларга жеткиликтүүлүк;
– БУУнун АТОЭСКке мүчө мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо;
– Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча стратегиялык демилгелерге катышуу;
– Санариптик чөйрөдө Кыргызстандын эл аралык аброюн бекемдөө.

Бул дайындоо Кыргызстанга аймактагы санариптик экономикасын өнүктүрүүгө жигердүү катышууга жана башка өлкөлөр менен кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Маалымат иретинде: APIS – бул региондун санариптик демилгелерин илгерилетүүгө, санариптик теңсиздикти кыскартууга жана региондун туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган демилге.