Санариптик өнүктүрүү министрлигинде мамлекеттик башкаруунун санариптик трансформациясы боюнча кеңешме өттү

img

2024-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын жетекчилиги астында мамлекеттик органдардын жетекчилери менен санариптик маселелери боюнча кеңешме өттү. Иш-чара “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү санариптик трансформацияны мындан ары өркүндөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Күн тартибиндеги маселелер:

– 2024-жылга карата республикалык бюджеттен бөлүнгөн санариптик экономика программасынын алкагындагы каржы каражаттарын өздөштүрүү;

– Кыргыз Республикасынын 2024-2028-жылдарга карата санариптик трансформация концепциясы боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата санариптик долбоорлорго тиешелүү иш-аракеттер планын аткаруу.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча пландалган иш-чараларды натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу боюнча сунуштар берилди. Мындай кеңешмелер санариптик трансформация процессин үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана координациялоо үчүн туруктуу негизде өткөрүлүп турарын белгилей кетүү керек.