КТБлардын иштөө графиги бир саатка узартылды

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт, 2024-жылдын 16-сентябрынан баштап Кыргызстандагы бардык Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштөө графиги өзгөрөт. Эми КТБлар саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт, түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин. Демек, КТБлардын иштөө убактысы бир саатка узартылды. Бул өзгөртүүлөр тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалууда.

Иш убактысын өзгөртүү демилгеси мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, күтүү убактысын кыскартуу жана тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. КТБларда жарандарды каттоо, паспорт берүү, ар кандай маалымкаттарды жана күбөлүктөрдү берүү жана башка маанилүү мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги башка бир катар мекемелер менен биргеликте мамлекеттик кызматтарды модернизациялоо боюнча активдүү иш алып барып, калкка өз убагында жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылууда.

Бул кадам өлкөдөгү бардык КТБларга тиешелүү жана алардын ишин жарандар үчүн ийкемдүү жана ыңгайлуу кылууга багытталган.

Эске сала кетсек, жарандар калкты каттоо, мисалы, паспорт, ЖААК боюнча бардык суроолор боюнча https://t.me/drndigital «КТБ – Паспорт – Кыргызстан» телеграм чатына кайрылып, жооп ала алышат.