Визасыз жүрүү тартибиндеги КМШнын (8мамлекет) жарандарына убактылуу жашап турууга уруксат алууга документтерди тариздөө боюнча кадамдык нускама

КАЙСЫ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЖАРАНДАРЫ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ЖАШАП ТУРУУГА УРУКСАТ АЛА АЛЫШАТ:

Кыргыз Республикасынын аймагында иш, окуу, ишкердик менен байланышпаган жеке максаттары менен 60 календардык күндөн ашык болууга ниеттенген Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын жана Молдова Республикасынын визасыз жүрүү тартибиндеги жарандары.
Калган категориядагы жарандар жалпы тартипте арыз бере алышат.

КАЙДА ЧАЛЫП, КЕҢЕШ АЛСАҢЫЗ БОЛОТ:
Колл-Борбордун 119 бирдиктүү номерине же (0312)380098 телефону боюнча, 0999380025 ватсап номери номерине чалып, кеңири консультация алсаңыз болот.

МААЛЫМАТТЫ КАЙДАН ТАПСА БОЛОТ:
Сизди кызыктырган маалыматты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин сайтынан төмөнкү шилтеме боюнча таба аласыз: digital.gov.kg

АРЫЗДЫ КАЙДА ТАПШЫРСА БОЛОТ:
Арыз жана керектүү документтер кайрылган жери боюнча аймактык бөлүмдөргө же калкты тейлөө борборлоруна берилет.

КИМ ЖАШАП ТУРУУГА УРУКСАТ СУРАЙ АЛАТ:
Жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жашап турууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө арыз 18 жашка толгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн аракетке жөндөмдүү чет өлкөлүк жарандын жеке өзү тарабынан берилет.

18 жашка чыга элек адамдардын арыздары мыйзамдуу өкүлдөрдүн (ата-энелердин) атынан берилет жана ата-энелеринин биринин материалдарына кошуп тиркелет.
Ишеним кат боюнча жашап турууга уруксат алуу үчүн документтерди берүү каралбайт.

КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР ТАЛАП КЫЛЫНАТ:
1. Белгиленген форма боюнча арыз (арыздын бланкы аймактык бөлүмдөрдө же кайрылган жери боюнча КТБда берилет).

2. Чет өлкөлүк паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү (арыз берилген күнгө каратажарактуулук мөөнөтү 6 айдан кем эмес). Паспорттун түп нускасы ээсине кайтарылып берилет.Эгерде арыз ээси өзү жана жашы жете элек балдары үчүн жашап турууга уруксат алууга ниеттенген учурда бул тууралуу арызда көрсөтүлөт.

3. Арыз ээсинин болжолдонгон жашаган жери боюнча турак жайы бар экендигин ырастаган документтердин түп нускалары жана көчүрмөлөрү (техникалык паспорт же сатып алуу-сатуу келишими).
Документтердин түп нускасы ээсине кайтарылып берилет. Эгерде чет өлкөлүк жаран турак жайдын менчик ээси болуп саналбаса, турак жайдын менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу жана турак жайдын менчик ээсинин паспортунун көчүрмөсү берилет. Турак жайдын менчик ээси катышуусунда арыз ээси менен бирге макулдук кайрылган жери боюнча аймактык бөлүмдөрдө же КТБларда арыз формасында таризделет.

4. Арыз ээсине жашоо минимумун камсыз кылуучу кирешенин мыйзамдуу булагы (жеке жактын кирешелери жөнүндө маалымкат, өткөн жыл үчүн жеке жактардын кирешелерине салыктар боюнча декларация же акыркы он эки ай үчүн киреше салыгын төлөгөндүгү жөнүндө маалыматтар, жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө, иштеген жеринен маалымкат; пенсионерлерге – пенсиялык күбөлүк же ага теңештирилген документ; жөлөкпул алгандарга-жөлөкпул алгандыгы жөнүндө маалымкат; алимент алгандарга-алимент алгандыгы жөнүндө ырастоо; аманатчыга – эсебинин номерин көрсөтүү менен кредиттик мекемеде салымынын бар экендиги жөнүндө маалымкат; багууда тургандар-арыз ээси багуусунда болгон адамдын кирешелери жөнүндө маалымкат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иш-аракеттерден (көмөкчү чарбанын же ижарага алынган жер сугат участогунун болушу ж.б.) жашоо каражаттарынын булагын ырастаган башка документ.
Эгерде чет өлкөлүк жаран кирешенин мыйзамдуу булагын тастыктаган документтерди бере албаса, кайсы болбосун башка адам кирешелери жөнүндө маалымкатты жана паспорттун көчүрмөсүн тиркөө менен арыз берүүчүнүн мазмуну жөнүндө нотариалдык милдеттенмени бере алат.

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жашап турууга уруксатты кабыл алуу, тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн 2222 сом өлчөмүндө төлөмдү ырастоочу квитанция.
Квитанциялар документтерди кароого кабыл алгандан кийин гана төлөнөт.

Эскертүү: иш, окуу жана ишкердик менен байланышпаган жеке максаттар менен жүргөн КМШнын 8 мамлекетинин жарандары үчүн жашап турууга уруксат алууга чет мамлекеттин жана КР ИИМдин соттолбогондугу жөнүндө маалымкаты талап кылынбайт.

Ошондой эле белгиленген тизмеде каралбаган башка документтер талап кылынбайт.

6. Эгерде ата-энелер бир эле учурда балдарына (18 жашка чейинки) жашап турууга уруксат берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылышса, анын негизинде бала КР аймагында жашаган туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же чет өлкөнүн паспорту көчүрмөсү тиркелет.

Маанилүү: Кыргыз Республикасынын аймагында катталган 14 жашка чейинки РФ жарандарынын балдары туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде жашап турууга уруксат ала алышат, башка мамлекеттердин балдарына карата жашап турууга уруксат чет өлкөлүк паспорттун негизинде гана берилет.

ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ:
Документтерди кабыл алууда аймактык бөлүмдүн же КТБнын кызматкерлери тарабынан:
– ИЖНдин (идентификациялык жеке номердин) болушун текшерүү. Ал жок болгон учурда кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ИЖН ыйгарат;
– жашап турууга уруксат алууга арыздын жана тизмедеги зарыл документтердин толтурулушунун тууралыгын текшерүү;
– өтүнүчтү кароо мезгилинде арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагында болуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү;
– арыз ээсинен киргизилип жаткан маалыматтардын тууралыгын тактоо;
-анкета-арызда арыз ээсинин аты-жөнүн, датасын жазуу жана колун койдуруу.

Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдын өз колтамгасынын ордуна анын мыйзамдуу өкүлүнүн (үчүнчү жактын) колу коюлат.

Эгерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам өзүнүн дене түзүлүшүндөгү кемчиликтеринен улам өз колу менен кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда ал факсимилдик колтамганы колдоно алат, анын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт.

КАРОО МӨӨНӨТҮ:
КМШнын 8 мамлекетинин Кыргыз Республикасынын аймагында жеке максаттар боюнча 60 календардык күндөн ашык болууга ниеттенген жарандары үчүн жашап турууга уруксат берүү жөнүндө өтүнүчтү кароо мөөнөтү документтер кабыл алынган күндөн тартып 15 иш күнүн түзөт.

КАБАРЛОО ТАРТИБИ:
Жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арыз боюнча кабыл алынган чечимдин жыйынтыгы боюнча арыз ээсине электрондук почтага же мобилдик телефонго билдирүү жөнөтүлөт.
Кабарлоо үчүн арызда колдонуудагы байланыш маалыматын сөзсүз көрсөтүүнү суранабыз.

КАНДАЙ ДОКУМЕНТ БЕРИЛЕТ:
Маселени оң чечилген учурда А4 форматындагы кагазга басылган жашап турууга уруксат кагаз жүзүндө берилет.

КАНДАЙ МӨӨНӨТКӨ БЕРИЛЕТ:
Жашап турууга уруксат кийин жыл сайын узартуу менен бир жылдык мөөнөткө, бирок беш жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет.

Окуу же иштөө максатында Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө ниеттенген КМШнын 8 мамлекетинин чет өлкөлүк жарандарын каттоо тартиби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ТАЛАПТАРЫ:
Аймактык бөлүмдөрдө же КТБларда иш жүзүндө жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына келген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипке ылайык катталат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Тизмекке ылайык айрым мамлекеттердин жарандары тиешелүү мөөнөттөргө каттоодон бошотулат.

КАТТООДОН КАНЧА МӨӨНӨТКӨ БОШОТУЛАТ:
– Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Армениянын жана Беларустун жарандары Кыргыз Республикасына келген күндөн тартып 30 календардык күнгө каттоодон бошотулат;
– Азербайжан Республикасынын жарандары КР аймагына кирген күндөн тартып 15 календардык күнгө каттоодон бошотулат;
– Грузиянын жарандары КРге кирген күндөн тартып 90 календардык күнгө каттоодон бошотулат;
– Тажикстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасына кирген күндөн тартып 60 календардык күнгө каттоодон бошотулат;
– Молдованын жарандары КРга кирген күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде каттоодон өтүүгө милдеттүү.

КАТТООНУ УЗАРТУУ:
Чет өлкөлүк жарандарды каттоону узартуу каттоо мөөнөтү аяктаганга чейинки акыркы күндөн кечиктирилбестен ишке ашырылат.
Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын жана Молдова Республикасынын ишине, окуусуна жана ишкердик ишине байланышпаган жеке максаттары боюнча 60 календардык күндөн ашык Кыргыз Республикасынын аймагында болууга ниеттенген жарандарын каттоо жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жашоого убактылуу уруксат алууга документтерди берүү үчүн 60 календардык күнгө чейин узартылат.
Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын жана Молдова Республикасынын Кыргыз Республикасынын окуу жайларына кабыл алынган жарандарын каттоону узартуу жатаканада жашаган дарегин көрсөтүү менен мөөр менен күбөлөндүрүлгөн окуу жайдын өтүнүчү берилген учурда бир окуу жылына жүргүзүлөт.
Эгерде студенттер жана/же мектеп окуучулары окуу жайдын жатаканасынан тышкары жашашса, каттоо колдонуудагы окуу келишиминин жана окуган жеринен маалымкаттын негизинде жалпы негизде жүргүзүлөт.
Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын (Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрүнүн) эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу жана жеке ишкердик менен алектенүү максатында келген жарандарын каттоо эмгек келишиминин же Кыргыз Республикасынын Салык кызматы тарабынан берилген документтин (соода зоналарындагы ишмердикке салык төлөөчү (патент) негизинде бир жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.
Эмгек мигрантынын үй-бүлө мүчөлөрү (жубайы жана жашы жете элек балдары) эмгек мигрантынын мөөнөтүндөй мөөнөткө катталат.
Тажикстан Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу жана жеке ишкердик менен алектенүү максатында келген жарандарын каттоо миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жумушка уруксаттынмөөнөтүндө жүргүзүлөт.
Ушундай эле мөөнөткө эмгек мигрантынын үй-бүлө мүчөлөрү (эмгек мигрантынын жубайы жана жашы жете элек балдары) каттала алышат.