Ош жана Баткен облустарында жашоо сапатын жогорулатуу Интернетке жеткиликтүүлүктү кеңейтүү аркылуу ишке ашууда

img

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов “DCASA – Кыргыз Республикасы” Долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн текшерүү максатында Баткен жана Ош облустарына барды. Иш сапардын жүрүшүндө бул аймактардагы социалдык объекттерде сапаттуу Интернет-байланышка жеткиликтүүлүктүн деңгээли кыйла жакшыргандыгы белгиленди.

Долбоордун негизги жетишкендиктери:

Камтууну кеңейтүү: Баткен облусунда 227 калктуу конуштун 80%дан ашыгы, ал эми Ош облусунда 541 калктуу конуштун 431и интернет менен камсыздалган. Баткен облусундагы була-оптикалык байланыш линиясынын узундугу 97 чакырымга жетти.

Социалдык объектилер: Ош облусунда 1154 социалдык объекттин 713ү, анын ичинде мектептер жана фельдшердик-акушердик пункттар Интернет тармагына кошулган.

Жашоонун сапатын жакшыртуу: Интернетке кирүү менен медициналык мекемелер Электрондук иш кагаздарын жүргүзүү форматына өтүп, бейтаптарды тейлөөнү тездетип, иштин натыйжалуулугун жогорулатат. Мектептер заманбап билим берүү технологияларын колдонууга мүмкүнчүлүк алышат, бул окутуунун сапатын жогорулатат.

З.Кожомуратов Интернетке жеткиликтүүлүктү гана камсыз кылбастан, анын жогорку сапатына кепилдик берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Фельдшердик-акушердик пункттардын кызматкерлери иштин электрондук форматына өтүү мүмкүнчүлүгү үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жана “DCASA – Кыргыз Республикасы” Долбооруна ыраазычылыктарын билдиришти.

Долбоор жөнүндө:
“DCASA – Кыргыз Республикасы” Долбоору өлкөнүн айылдык жана алыскы райондорунда маалыматтык-коммуникациялык технологияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган. Долбоорду ишке ашыруунун аркасы менен Ош жана Баткен облустарынын жашоочулары өнүгүү жана жашоо сапатын жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болууда.