КМШ өлкөлөрүнүн архив кызматтарынын Консультативдик кеңешинин 20-отуруму

img

2024-жылдын 7-8-августунда Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) КМШга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик архив кызматтарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешинин кезектеги 20-отуруму болуп өттү. Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн архив кызматтарынын жетекчилери катышышты.

Жыйындын алкагында архив кызматынын директору М. Алыбаева бир нече докладдарды сунуштады:

– Кыргыз Республикасындагы архив ишинин учурдагы абалы жана өнүгүшү жөнүндө;

– Улуу Ата Мекендик согушка арналган интернетте жана басылмаларда Улуттук архивдик фонддорду пайдалануу менен агартуу иштерин жүргүзүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу жөнүндө.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин директору Е.Тищенко Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин аудиовизуалдык документтери жөнүндө айтып берди.

Жыйында Консультативдик кеңештин жаңы төрагасы болуп – Федералдык архив агенттигинин жетекчиси А.Н. Артизов шайланды. Консультативдик кеңештин кийинки отурумун 2025-жылдын июнь айында Москвада (Орусия Федерациясы) өткөрүү пландаштырылууда.