Кыргызстан жана Өзбекстан – чек ара аймактарынын тургундары үчүн жарандык маселелер боюнча кызматташтык

img

Баткен облусунун Кадамжай шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда негизинен Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын жарандыгын алуу менен байланышкан документтерди жөнөкөйлөтүү жана административдик процедураларды жеңилдетүү маселелерине көңүл бурулду. Бул маселелер Кара-Жантак (Қораянтоқ) айылында, ошондой эле Жаны-Жер (Водил) жана Очистное сооружение (Юқори водил) жерлеринде жашаган тургундар үчүн каралды.

Жолугушуу достук жана конструктивдүү абалда өттү, бул тараптардын аталган тармакта кызматташтыгын улантууга жана чыңдоого болгон каалоосун көрсөттү.