16 жашка чыга элек адамдын аты-жөнүн кантип өзгөртүү керек?

Он алты жашка толо элек адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо ата-энесинин биргелешкен арызынын негизинде жана төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:

– туулгандыгы тууралуу күбөлүк – КБМРде маалыматтар жок болгон учурда);

– ата-энесинин (алардын биринин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;

– эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк – КБМРде жок болгон учурда;

– аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк (болсо) – КБМРде маалымат жок болгон учурда;

– ата-энесинин биринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (ата-энесинин биринин биргелешкен арызын берүү мүмкүн болбогон учурда);

– жаранды дайынсыз жок деп таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими (ата-энесинин пикирин эске алуу милдеттүү эмес).