Эгерде мен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу боюнча документтерди берүүдө балдар менен бирге тапшырсам, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн, нике тууралуу күбөлүктүн жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүү керекпи?

Ооба, чет мамлекеттердин аймагында катталган жарандык абалдын актылары көчүрмөлөрү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек. Эгерде арыз ээси өзү менен бирге жашы жете элек балдарын КР жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүч кылса, туулгандыгы, асырап алынгандыгы, камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү аныктоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү зарыл.