Арыздын макамын көрүп туруу үчүн сервис пайда болдубу?

Ооба, жарандык алуу үчүн арыздардын статусун көзөмөлдөө үчүн жаңы онлайн кызматы ишке кирди. Эми арыз ээлери өз билдирүүлөрүнүн абалын @aiscitizenshipbot телеграмм- бот  аркылуу Калкты тейлөө борборлоруна барбай эле текшере алышат. Сервисти колдонуу үчүн Телеграмм-ботко Арыздын номерин (КТБдан алынган маалымкатында көрсөтүлгөн) киргизүү зарыл.