Никелешүүнү мамлекеттик каттоо
Никелешүүнү каттоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- никеге туруп жаткан адамдардын биргелешкен арызы;
- эгерде биргелешкен арыз берүү мүмкүн болбосо, никеге туруп жаткан адамдардын айрым арыздары;
- никеге тургандардын өздүгүн тастыктоочу документтер;
- эгерде адамдардын бири мурда никеде турган болсо, никени бузуу жөнүндө күбөлүк;
- каза болгондугу тууралуу күбөлүк, мурунку никедеги жубайлардын бири каза болгон учурда;
- эгерде никеге туруп жаткан адамдардын бири жашы жете элек болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу.
Өзгөчө шарттарда (кош бойлуулук, баланын төрөлүшү, тараптардын биринин өмүрүнө токтоосуз коркунуч) нике арыз берилген күнү түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурларда кошумча түрдө төмөнкү документтер берилет:
- медициналык мекемеден кош бойлуулук жөнүндө справка;
- жалпы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
- ден соолугу тууралуу маалым кат (ооруп жатканда).
Документтерди “Түндүк” тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүүгө болот!
Түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгон адамдар менен никени мамлекеттик каттоо түзөтүү мекемесинин жайгашкан жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк жарандар менен никелешүүсүн Мамлекеттик каттоо төмөнкү документтер берилгенде жүргүзүлөт:
- белгиленген формадагы биргелешкен арызы;
- эгерде никеге туруп жаткан адамдардын бири биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, мында чет өлкөлүк нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн арыз мыйзамдаштырылууга (апостилдештирилүүгө)тийиш;
- никеге турууну каалаган инсандыгын ырастоочу документтердин;
- эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу же апостиль тууралуу белгиси бар, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен чет өлкөлүк жарандын жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында катталган никеде турбагандыгын ырастоочу маалым кат.
Жубайлардын тандоосу боюнча никелешүү тууралуу актыны жазууга жубайлардын жалпы фамилиясы же никеге туруп жаткан адамдардын биринин никеге чейинки фамилиясы жазылат. Жубайлар жалпы фамилия катары жубайлардын биринин фамилиясын тандап алышат же болбосо аялынын фамилиясын күйөөсүнүн фамилиясына бириктирүү аркылуу түзүлгөн фамилияны жубайлардын бирине жазууга укуктуу, мында жубайлардын фамилиясы жазууда дефис менен бириктирилген экиден ашпаган фамилиядан турушу мүмкүн.
Жубайынын фамилиясын алган жубайлардын биринин паспорту бир айдын ичинде милдеттүү алмаштырылууга тийиш!
Никеге туруп жаткан адамдардын каалоосу боюнча никени каттоо салтанаттуу түрдө Бишкек, Ош шаарларынын Бакыт өргөөлөрүндө, региондор аралык бөлүмдөрдүн имаратында же андан тышкары тараптардын каалоосу боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Никеге турууну мамлекеттик каттоо кызматы салтанаттуу түрдө мамлекеттик каттоодон башка учурларда акысыз көрсөтүлөт.
Бардык учурларда никеге турууну каттоо жөнүндө күбөлүктүн бланкы үчүн акы төлөнөт.
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо арыз ээлеринин кайрылган жери боюнча жүргүзүлөт.