Жагдайдын аякташы менен өз убагында паспорт ала албай калгам толугу менен 18 жашка толдум жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашайм. Паспортту кантип алууга болот?

Арыз КТБда жашаган жери боюнча берилет, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, өзүнүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоону каалаган адам Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо жөнүндө арыз менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык органына кайрылууга тийиш.

Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиясы Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына алардын таандыктыгын же таандык эместигин аныктап, же жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө арыздарын карап жана алар боюнча корутунду чыгарат.