Өлүм жөнүндө арызды онлайн берүүгө болобу?

Ооба, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу мүмкүн.

Өлүмдүгүн каттоого арызды Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу  тариздөө үчүн:

  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү
  • Билдирүү түрүн тандаңыз
  • Кайрылган учурда арыз ээсинин иштеген жерин, кызмат ордун, иш жүзүндө жашаган дарегин көрсөтүү
  • Каза болгон адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү
  • Каттоо жана каза болгондугу тууралуу күбөлүк алуу үчүн МРОну (КТБ) тандоо
  • Даяр болгон өлүм күбөлүгүн жеткирүү үчүн даректи көрсөтүңүз.

Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.