Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде КР жаранынын өлүмүн каттоо кантип жүргүзүлөт?

Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөн учурда, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге которулган өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
– өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн же консулдук мекемелерден же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөндүгү тууралуу легалдаштырылган, апостилирленген жана мамлекеттик же расмий тилге которулган документтер, ошондой эле чет мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмү катталгандыгын ырастоочу чет мамлекеттин документи келип түшкөн учурда, “ЖААЖ” АМСте жаранга “өлгөн” статусу ыйгарылат.
Башка учурларда, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн же консулдук мекемелерден же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан же чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынан Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөндүгү тууралуу маалымкаттар, кабарлоолор формасындагы маалыматтар келип түшкөн учурда “ЖААЖ” АМСте жаран жөнүндө маалыматтарда “өлгөн”.” деген белги коюлат.”;