Чет өлкөлүк жарандардын өлүмүн мамлекеттик каттоо кандай жүргүзүлөт?
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк жарандардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүктүн;
– мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү паспорт, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
– качкындын күбөлүгү;
– “Кайрылман” күбөлүгү