Жубайлардын бири жок болгон учурда никени бузуу мүмкүнбү?

Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– жубайлардын биринин электрондук түрдөгү арызынын;
– соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин, эгерде жубайлардын экинчиси сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса жана жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо.