Кандай учурларда, нике каттоо органдары (ЖААК) аркылуу токтотулушу мүмкүн?

Нике төмөнкү учурларда каттоо органдары аркылуу токтотулушу мүмкүн:
1) ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана бири-бирине мүлктүк жана башка дооматтары болбогондо жубайлардын никени бузуу жөнүндө берилген биргелешкен арызынын;
2) жубайлардын биринин никени бузуу жөнүндө арызынын жана жубайлардын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин (өкүмүнүн), эгерде жубайлардын бири сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо