Чет өлкөлүк жаран менен никелешүүгө болобу, эгер мен КР жараны болсом?

Болот. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам менен никелешүүсүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан төмөнкүдөй документтер берилген учурларда жүргүзүлөт:
– белгиленген формадагы биргелешкен арыз;
– эгерде никеге туруп жаткан адамдардын биринин биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, никелешүүнү каалаган адамдардын өзүнчө арыздары, мында чет өлкөлүк нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн арыз легалдаштырылууга тийиш;
– никеге турууну каалаган адамдардын ким экендигин күбөлөндүргөн документтер же Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
– эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу же апостиль тууралуу белгиси бар, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен чет өлкөлүк жарандын жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында катталган никеде турбагандыгын ырастоочу маалым кат.