Уруксат алуу үчүн юридикалык жактар кайрылганда кайсы документтерди тапшыруу керек?

– Форма боюнча өтүнүч кат;
– өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна юридикалык жактын кызыкчылыктарын билдирүүгө ишеним кат жана өкүлдүн ким экендигин тастыктаган документ;
– Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалымат бар чет өлкөлүк паспорт, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби бар туруктуу жашоого уруксаты, же болбосо көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
– 16 жашка чыга элек жактын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
– келүү максатын ырастоочу документтер (өтүнүч катта көрсөтүлгөн ишти жүргүзүүгө укук берген, уюм тарабынан уюмдаштыруу документтен берилген көчүрмө).