Уруксат алуу үчүн топтук (жамааттык) кайрылуу үчүн кайсы документтерди тапшыруу керек?

– форма боюнча өтүнүч кат;
– Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалымат бар чет өлкөлүк паспорт, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби бар туруктуу жашоого уруксаты, же болбосо көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
– 16 жашка чыга элек жактын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
– эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүүчү адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ