Уруксат алуу үчүн жеке жактар кайрылганда кайсы документтерди тапшыруу керек?

Уруксат алуу үчүн жеке жактар кайрылганда:төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
– форма боюнча өтүнүч кат;
– Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрү;
– 16 жаш куракка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
– эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирген адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ;
чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн:
– форма боюнча өтүнүч кат;
– эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалыматы бар чет өлкөлүк паспорт, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби менен жашап туруу укугу;