Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына кирүү уруксатын кантип алса болот?

Чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүүгө уруксат алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын аймактык бөлүмдөрүнө, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылат.