Туулгандыкты каттоого арызды, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кантип жол-жоболоштуруу керек?

Туулгандыгын каттоого арызды Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу тариздөө үчүн:

  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү;
  • Билдирүү түрүн тандоо;
  • Кайрылган учурда арыз ээсинин иштеген жерин, кызмат ордун, иш жүзүндө жашаган дарегин көрсөтүү;
  • Баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү каттоо жана алуу үчүн МКБ (КТБ) тандоо;
  • “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулду алууга жана банкка арыз берүү белгиленсин;
  • Даяр туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жеткирүү үчүн даректи көрсөтүү.