Даректи кантип туура жазуу керек?

Алуучунун жана жөнөтүүчүнүн дарегин так жана толук жазуу керек:
–  Толук аты-жөнү Полное имя (аты атасынын аты форматында) же уюмдун аталышы (кыскача же толугу менен);
–  Көчөнүн аты, үй номери, батирдин номери;;
–  Калктуу конуштун аталышы;
–  Райондун, облустун жана республиканын аталышы;
–  Өлкөнүн аталышы;
–  а/я номери , эгер бар болсо («а/я 15» форматында);
–  Почта индекси

Алуучунун дареги жөнөтүүнүн төмөнкү оң бурчуна жазылышы керек. Жөнөтүүчүнүн дареги жогорку сол жакта.

Талап боюнча төлөнүүчү каттар үчүн конвертте шаар (облус, район, айыл), почта бөлүмүнүн индекси, алуучунун толук Аты-жөнү көрсөтүлөт жана “талап боюнча төлөнүүчү”деп жазылат.
Республиканын ичинде жөнөтүүдө жөнөтүүчүнүн жана алуучунун маалыматтары мамлекеттик же расмий тилде жазууга болот.
Чет өлкөгө жөнөтүүдө алуучунун маалыматтарын латын тамгалары жана араб цифралары менен жазуу керек. Алуучунун дарегин бара турган өлкөнүн тилинде жазууга болот. Бара турган өлкөнүн аталышы кандай болгон күндө да орус тилинде көрсөтүлүшү керек.