Сертификаттоонун алкагында жабдууларды (техникалык каражаттарды) тестирлөө жана баалоо жол-жоболору кандай?

Жабдуулар (техникалык каражат) аккредитациядан өткөн сыноо лабораторияларында электромагниттик шайкештиктин, төмөнкү вольттогу жабдуулардын коопсуздугунун жана радиожыштык спектринин параметрлери боюнча сыноодон/өлчөөдөн өтүшү керек. Сыноолорду/өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн эксплуатациялоо боюнча документтери, сыноолордун/өлчөөлөрдүн методдорун көрсөтүүчү багыты/программасы менен жабдууну (техникалык каражатты) берүү зарыл. Сыноо лабораториясы берилген жабдууларды (техникалык каражаттарды) сыноо/өлчөө жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча сыноо Протоколу таризделет жана берилет.