Визаны узарткандай кийин каттоо үчүн канча убакытта кайрылуу керек?

Чет өлкөлүк жарандардын жарандыгы жок адамдардын каттоосунун колдонуу мөөнөтүн узартуу визанын колдонуу мөөнөтү узартылгандан кийин жүргүзүлөт. Мында чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга виза узартылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кайрылууга же Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасында келген жери боюнча онлайн каттоо  сайтында жогоруда аталган каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.