Чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды ишеним каттын негизинде каттоого же каттатууга болобу?

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо кабыл алуучу тараптын өтүнүч катында көрсөтүлгөн дарек боюнча жүргүзүлөт. Кабыл алуучу тараптын өтүнүч катында аталган адамдардын турган жеринин иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлүүгө тийиш.

Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп саналбаса, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоо турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастаган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты болгондо жүргүзүлөт.