Мекен-карта документин ким ала алат?

Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандар жаш курагына карабастан Мекен-карта документин алууга укуктуу.
Мекен-карт документи төмөнкү адамдарга берилиши мүмкүн:

  • мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандарга
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандарга, алардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына баштапкы таандыктыгына карабастан
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандарга, алардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына баштапкы таандыктыгына карабастан
  • Кыргыз ССРинде төрөлгөн чет өлкөлүк жарандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине.

Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусу Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарына берилиши мүмкүн эмес (КНР, Өзбекстан, Тажикстан жана Казахстан)