Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбай эле баланын төрөлүшүн каттоого болобу?

Ооба болот. Учурда  Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгын каттоого 300гө жакын арыз кабыл алынды.
«Үй-бүлө» бөлүмүндө ата-энелер туулгандыгын каттоого арыз жазып, «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпул алууга кайрылуу жөнөтө алышат.

Жарандардын ынгайлуулугу үчүн онлайн төлөм жүргүзүү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн жакынкы КТБ тандоо да каралган, ата-энелер кааласа документти үйгө чейин жеткирип берүүгө буюртма бере алышат.