Кыргыз Республикасынын жарандыгын жалпы тартипте кабыл алууда КР аймагында канча убакыт жашашы керек?

Чет элдик жарандар жана 18 жашка чыккан жарандыгы жок адамдар жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда арыз берген учуруна чейин акыркы беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу, үзгүлтүксүз жашап турушу керек. Бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үч айдан ашпаган мөөнөткө чыккан адамдын жашоо мөөнөтү үзгүлтүксүз деп эсептелет. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу, үзгүлтүксүз жашап тургандыгын далилдеген документтер болуп: виза эсептелет – визалык режим киргизилген мамлекеттердин жарандары үчүн, каттоо талону – визалык режимден бошотулган мамлекеттердин жарандары үчүн, жарактуу каттоо эсеби бар туруктуу жашап турууга уруксат.