Бала чет өлкөдө төрөлүп, туулгандыгы боюнча тиешелүү документ алынган. Биздин мамлекеттин “Туулгандыгы тууралуу күбөлүк” алыш керекпи?
Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук легалдаштыруу же апостиль коюу шартында Кыргызстанда жарактуу деп таанылат.
Кыргызстанда туулгандыгын кайра каттоо талап кылынбайт, бирок жеке идентификациялык жеке номер (ИЖН) алуу керек. Ал үчүн ата-энесинин өздүгүн тастыктаган документтери, ошондой эле баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен жакынкы КТБга кайрылсаңыз болот.