Эмне үчүн кээ бир балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү Түндүк тиркемесинде чыкпайт?

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде сунушталган санариптик туулгандыгы тууралуу күбөлүк Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин Жарандык абалдын актыларын каттоо автоматташтырылган маалыматтык тутумунан (АИС) алынган маалыматтардын негизинде түзүлөт. Санариптик документти туура болуусу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк толугу менен санариптештирилиши керек.

Эгерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк санариптештирилбесе, жок болсо же туура эмес маалымат көрсөтүлсө, “Түндүк” тиркемеси аркылуу “Дал келбеген маалыматтар чыгып жатабы?” бөлүмүнө өтүп, документтин сканерден өткөн версиясын тиркөө менен кайрылуу жөнөтүшүңүз керек.

Белгилей кетсек, бала 16 жашка толгондо баланын санариптик туулгандыгы тууралуу күбөлүк ата-энелерге көрсөтүлбөй калат, анткени паспорт алгандан кийин документ жарандын өзүнө көрсөтүлөт.