Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтер?

Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери жана Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү, жарандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтер болуп саналат (КР “КР жарандыгы жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренеси).