Беларусь Республикасы, Казахстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы Макулдашуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда берилүүчү документтер?

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз-анкета
  • чет өлкөлүк жарандын ким экендигин ырастаган жарактуу документ (чет өлкөнүн паспорту – чет өлкөлүк жаран үчүн)
  • электрондук форматтагы фотосүрөт (фотосүрөткө тартуу ордунан жүргүзүлөт)
  • нотариалдык күбөлөндүргөн туулгандыгы тууралуу күбөлүк
  • нотариалдык күбөлөндүргөн никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк
  • мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция
  • каттоо талону
  • арыз ээсинин мурда Белорус ССР, Казах ССР, Кыргыз ССР жана РСФСР жарандыгында тургандыгын тастыктаган документ, же КР аймагында туруктуу каттоо эсебинде турган Кыргыз Республикасынын жараны менен жакын тууганчылыкта турганын тастыктаган документ, (жубайы, ата-энесинин бирөөсү, (камкордукка алган адам), бала (анын ичинде камкордукка алынган бала), чоң атасы, чоң энеси, бир туугандары, неберелери
  • КР аймагында жана жараны болуп эсептелген чет мамлекетинин аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат
  • Казакстан Республикасы жарандары үчүн – мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы.